Илимдин жемиши
Адам баласы үчүн чыныгы жашоо илим-билимдин коштоосунда гана болгондуктан, илим алып жана алган илимин башкаларга үйрөтүүгө кайдыгер карагандар тирүүнүн өлүгү. Себеби, адам баласынын жаралышынын эң негизги максаты – көрүп-билип, үйрөнүү жана үйрөнгөндөрүн башкаларга үйрөтүү.
٭ ٭ ٭
Адамдын туура чечим кабылдашы акыл жана ой-пикирге жараша болот. Акыл жана ой жүгүртүү илим-билимге байланыштуу. Ошондуктан, илим-билим болбогон жерде акыл таасирсиз, кабылданган чечимдер жаңылыш.
٭ ٭ ٭
٭ ٭ ٭ Адамдын адамдыгы илим үйрөнүп, аны башкаларга үйрөтүүдө байкалат. Эч нерсе билбегендигине карабастан илим үйрөнүүнү ойлобогон, үйрөнүү менен жаңыланып, башкаларга үлгү болбогондор сыртынан адам сыяктуу көрүнгөнү менен, кылган иштеринде ким экени ачыкка чыгат.
٭ ٭ ٭
Үйрөнүп, башкаларга үйрөтө турган илим пенденин адамдык маңызын жана аалам сырларын аңдап түшүнүү багытында болушу керек. Адамдын жан дүйнөсүнө жарык бербеген, ааламдын караңгы жактарына нур чача албаган илим илим эмес.
٭ ٭ ٭
Илим-билимдин арты менен жеткен мансап, башка жолдор менен жеткен мансапка караганда даражасы бийик жана сапары узак болот. Себеби илим адамды бул дүйнөдө жаман иштерден оолактатып, улуу сапаттарга ээ кылса, Акыретте ал ыйманы жана билими менен кыялында сүрөттөгөн даражадан да жогорку даражаларга жеткирүү менен бактыга бөлөйт.
٭ ٭ ٭
Ар бир ата-эне балдарынын көңүлү башка нерселерге бурула электе, таалим-тарбия алышына шарт түзүүгө тийиш. Себеби, ыйман акыйкаты кирбеген жүрөк бош жаткан аңыз сыяктуу. Эң биринчи эмне сепсең, ошонун гана түшүмүн аласың...
٭ ٭ ٭
Илим алуунун негизги максаты үйрөнгөндөрүнүн адам баласына багыт бериши жана анын арты менен адамдык улуулукка жеткире турган жолдордун жарык болушу. Мына ошондуктан, көкүрөккө сиңбеген илим моюндагы жүк, улуу максаттарга жетелебеген билим акыл-ойду түйшүккө салуу менен гана чектелет.
٭ ٭ ٭
“Илим деген – таануу дайым,
Өзүн жана башканы.
А болбосо окугандын,
Айтчы, барбы максаты?” (Юнус Эмре)
٭ ٭ ٭
Максаты белгилүү илим адам үчүн түбөлүктүү берекенин башаты жана түгөнбөс казына. Мындай казына ээлерине тунук булакка чайынууга келген сыяктуу ар дайым илимге муктаж адамдар келип турушат. Көкүрөккө күдүк ой салып, көңүлдү карарткан, максаты айкындалбаган теориялар үмүтсүз адамдар айланчыктаган таштанды үймөктөрү, же жан дүйнө тузагы болуп саналат.
٭ ٭ ٭
Илим жана исскуствонун тармактары дээрлик бардык адамдар үчүн пайдалуу болсо да, адамдын өмүрү жана мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, булардын баарынан пайда алуу мүмкүн эмес. Мына ошондуктан, ар бир адам өзү жана эли үчүн зарыл болгон тармакты гана үйрөнүп, керексиз нерселер менен өмүрүн бекер өткөрүп жибербөөгө тийиш.
٭ ٭ ٭
Чыныгы илимпоз изилдөөлөрүн туура маалыматтардын негизинде жана илимий тажрыйбаларга таянуу менен жүргүзгөндүктөн, ар дайым көңүлү куунак, иши жеңил. Маалыматтын чыныгы башатын билбеген бечаралар багытын өзгөртүп, куру кыялдан кутула албагандыктан үмүтсүз ыйлап-сыздашат.
٭ ٭ ٭
Адамдын баркы алган илиминин маани-маңызына жана баалуулугуна жараша болот. Илимди “ушак-айың” үчүн гана пайдаланган адамдын кадыр-баркы да ошончолук төмөн. Аны ааламды көргөзгөн чырак катары пайдаланып, жадагалса руханий ааламга да кол сунган адамдыкы да ошого жараша жогору болот.
- Created on .