Акыйкаттык жана адилеттүүлүк

Адилеттүүлүк – эң кубаттуу (көрүнгөн) аскер кошуунунан да күчтүү.

* * *

Акыйкаттык суурулган кылыч болсо да, ага моюнуңду тосуп берүүдөн кайра тартпа!..

* * *

Акыйкат өз жарчысын жана ага кулак төшөгөндөрдү, жүзөгө ашырган адам менен ага көңүл бурганды тапканда желектей желбирейт.

* * *

Адилеттүүлүк бардык жерде өтүмдүү байлык сыяктуу.

* * *

Адилеттүүлүк Аллага жакын болуу жолу. Бирок, негедир адамдардын көпчүлүгү андан узак турушат.

* * *

Исламдын чеби – акыйкаттык, эшиги – адилеттүүлүк, ичи – бакыт ордосу.

* * *

Адилеттүүлүк өкүм сүргөн эски үйлөр – хан сарайлардан да баалуу. Зордук-зомбулук, зулумдук бийлеп турган сарайлар - урандыдан да жаман.

* * *

Акырет тууралуу ишеним, ыймандын бекем болушу - акыйкаттыкты жана адилеттүүлүктү жактоо сезиминин күчтүү болушу.

* * *

Акыйкаттыка каршы күрөшкөн адам эртеби-кечпи, жеңилүүгө учурайт.

* * *

Башкаларга зордук-зомбулук көрсөтүп, эзип жатканда, сени да эзе турган күч бар экендигин эсиңден чыгарба!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2026 Cascade Trust. Fethullah Gülen's Official Web Site. All Rights Reserved.
fgulen.com is the official source and licensor of the works of the renowned Turkish scholar and intellectual Fethullah Gülen. Operated by Paramus Publishing with permission of Cascade Trust.