Сперма колбалары боюнча эмнелерди айта аласыз?
Бул колбалар «жасалма уруктандырууну» адамдарга да колдонууну максат кылат. Малды уруктандыруу көп убакыттан бери ишке ашырылып келе жатат. Бирок ушул эле жол менен адамдарга колдонуу жаңы нерсе.
Малдын тукумун асылдаштыруу олуттуу тема болсо да, бул нерсени адамдарга колдонуу адамзатка урматсыздык экени калетсиз.
Сперма мурдагы муун «хувайна» (кичинекей жандык) деген, өсүмдүктөргө салыштырмалуу үрөн, тукум түрүндө бир жандуунун программа сандыкчасы.
Үрөн топурактын ичинде өнүпөсөт. Сперма болсо, жатында... Экөө тең өз дүйнөлөрүнө тиешелүү алгачкы клетка болуп, барлыктын келечегине байланыштуу маанилерди жана өзгөчөлүктөрдү камтыйт.
Ушул себептен, өсүмдүктөр дүйнөсүндө үрөн, жандууларда сперма тукумдун уланышын камсыздаган абдан маанилүү элементтер. Сыпаттар жана мүнөздөр бул аркылуу келечекке өткөрүлөт.
Жаныбарлар дүйнөсүндө түрүнүн сакталышы жагынан гана алганда, абдан маанилүү болгон бул тема адамдар үчүн ошол эле учурда укуктук кээ бир принциптерге негиз болууда.
Мындан башка «шарияты фытрия» (ааламдагы мыйзамдар) себептүү да өтө маанилүү бир тема экени талашсыз.
Сперма колбаларынын максаты өсүмдүктөрдө жана малга колдонулгандай эле, адамдарга да «жасалма уруктандырууну» сунуштоодон башка эч нерсе эмес. Мындай иштин алгачкы эки түрү үчүн талашып тартышууга негиз жок экенин кабыл кылсак да, мурас, никелешүү, махрамият сыяктуу темалар себептүү, адам үчүн таптакыр башкача бир жагдай жаралууда. Мындан улам, уруктануу жана көбөйүүнүн көзөмөлгө алынышы алгачкы адам менен бирге пайда болуп, туура эмес колдонулган доорлордун сыртында адам баласы менен уланып келген.
Мындай көзөмөлгө алуу мейли адамдын чектелбеген айбандык сезимдеринен, мейли пенделик табиятынан болсун, коомдуктарыхый жана диний китептер мунун мындай болушунда бир пикирде.
Ушул себептен, алгачкы аял менен эркектин кошулушунун, бул илахий принциптер менен көзөмөлгө алынган деп ишенебиз. Укук пайда болгон доордон баштап, ошол беш башкы негиздин (усули хамса) бири болгон «тукумдун сакталышы» негизи менен бекемделип укуктук маселеге айланган.
Бул негиз бизге муну билдирет: Адам үчүн уруктун жана урук таштала турган жердин (жатын) алгачкы бир эреженин негизинде (нике) бирибирине байланышы шарт. Башкача айтканда, урук менен урук ташталган жердин мурдатан бир бүтүн абалына келиши жана бөлөк бөлөк болуп көрүнгөн эркек жана ургаачынын кошулушу дегенди билдиргендиктен, үйбүлө биримдигинин үчүнчү жүзү болгон баланын теги ушуну менен аларга барып такалсын. Дин бул байланышты никеге байлап, аны үйбүлө үчилтигинин эң бекем негизи катары санаган.
Никесиз кошулуулар болсо, дин боюнча сифах (зынаа), адепахлактык пастык жана үйбүлө үчилтигин бузуп, тексиздик пайда кылууда. Мындай учурда аял, эркек зынаакор, алардан төрөлгөн бала тексиз деп аталат.
Мына ушул себептен Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн баардык диндер нике темасына олуттуу түрдө токтолуп, аны инсандыктын талабы катары карашкан. Ал эми зынаа, чектен чыккан адам рухунун ташкындоолору жана адашуулары катары кабыл кылынып, адамдын айбандашуусу болуп саналган.
Эми, артка кайталы. Уруктун жана жатындын бирибирине көз каранды болушу боюнча каралган жана кимге таандык экени билинбеген сперма аркылуу уруктандыруу жүргүзүү шариятка туура келеби?
Негизи, мындай уруктануу менен зынаа жолу аркылуу төрөлгөн баланын ортосунда эч айырма жок. Эки жолдо тең урук менен ал ташталган жердин ортосунда эч кандай келишим болбогондуктан, тексиздик пайда болууда.
Мындай абалда болсо, мурас, үй-бүлө куруу, махрамият сыяктуу чечилиши мүмкүн болбогон маселелер пайда болуп, мындан болсо жасалма уруктандыруу темасынын жеңилжелпи бир негиздерден эмес экени билинет.
Мындан башка психосоцилогиялык жактан, үйбүлө психологиясы жагынан абдан опурталдуу маселе болуп көрүнөт: баланын өз уругунан жаралбаганын билген ата чоңойткон ошол күнөөсүз балага карата ичиндеги чоочундукту өчүрө албайт жана дайыма кабатырлануу менен мамиле кылат. Мындай жагдайда эненин абалы кандай болору абдан ойлонтуучу маселе.
Бул жерден төмөнкүдөй суроо пайда болушу мүмкүн: Биздин максатыбыз аялга никелүү күйөөсүнөн алынган сперманын уруктандырылышы. Эмне, бул дагы адал эмеспи?
Мындай берилген суроого дароо «ооба» деп жооп берүүнү шашылыш түрдө берилген өкүм деп эсептейбиз. Анткени суроо канчалык «ооба» дедирте турган абалда болсо да, анын астындагы кара ниет менен демагогия бизди дагы да этият болууга түртөт.
Эмне үчүн табигый жол тургандан кийин мындай табигый болбогон жол тандалууда? Бардык затка өтүмдүү болгон өкүмдөргө ылайык түрдө иш кылып, илахий хикметке баш ийүү жакшыраак эмеспи? Адамдын жаратылыш мыйзамдарына баш ийүүсү бир негиз болгонуна караганда, жасалма уруктандыруу табигый эмес бир жол болуп, муну ишке ашыргандар жашыруун зынаа уюмдары болуп саналбайбы?
Мындан башка төмөнкүдөй дагы бир суроо болушу мүмкүн? Силер айткан бул нерсе эркек менен аял уруктанууга дарамети жетип турса, болот. Мындай абалда табигый жолду тандап алуу шарт. А бирок эркек ар убак дараметтүү болбой калышы мүмкүн.
Анда биз мындай уруктандыруу кимдин уругу менен кылынарын сурагыбыз келет. Эгер эркек эркектик жактан алсыз болсо, андан чыккан сперма күтүлгөн функцияны аткара албаса, мындай эркектен алынган спермадан уруктануу жүрбөсү талашсыз... Анда кайра эле чоочун сперманы колдонуу маселеси келип чыгат...
Эгер мындай «жасалма уруктандырууга» түрткөн нерсе жатындын буулушу, жатындын күчсүздүгү жана жатынга тиешелүү бузуктуктар болсо, анда врачтын кийлигишүүсү шарт. Эгер жатын күтүлгөн нерсени аткара албаса, уруктандыруунун эч бир мааниси калбай калат.
Андай болсо, маселени жөнөкөйлөштүрүп, «урук күйөөсүнөн болсо, адал, болбосо, адал эмес.» деп берилген өкүм туура болсо да кем жана туура эмес ниетте колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калууда.
Бул маселени козгогондор туура эмес ниетке жол ачуу максатында өкүм сурагысы келип жаткандай деп ойлойм.
Мындан башка «шарияты фытрия» өңүтүнөн караганда да бул маселе ар убак сынга алына турган маселе. Мындай теманы деталдуу түрдө кароонун эч бир пайдасы жок, бул менин тармагым да эмес. Аны келечектеги профессионал врачарга жана мал боюнча ветеринарларга жана зоологдорго калтыруу эң жакшы жол.
Албетте мындай жол жандуулардын табиятына карамакаршы экени талашсыз. Анткени ар бир жандуу өз түрүн улантуу үчүн жыныстык катнашка барууга мажбур. Бул сырдуу мамиледе аванс түрүндө кичине бир сыйлык, убактылуу бир лаззат берилүүдө. Муну жандуулардын табиятына койгон Улуу Жаратуучу да өзгөрткүсү келбейт.
Ошондуктан, эч кимдин табиятка таандык бул мыйзамды өзгөртүүгө, жоюуга акысы жок. Мындай аракет жаратылышты өзгөртүүгө аракет болуп саналат.
Бул болсо негизинен эле кабыл кылынбайт жана шайтандын жолу болуп саналат. Адамды башка жандуулар менен бирге муталаа кылуу сыяктуу адамзаттын маанисине каршы паска түшүрүүчү бир жагы бар: адам болгон ар ким мындай аракетке каршы чыгышы керек.
Бирок доорубуздун инсаны али табигый илимдердин алиппесинде эмгектеп жүргөндүктөн, аны заттар жана кубулуштар боюнча кылган чекиликтеринен куткаруу оңой эмес.
Ар тармакта болгондой эле, илимдерде бөгөөттөрдүн ачылышын күткөн ушул күндөрдө лунатиктерибиз чындыктарды көрсө экен деген тилек менен!
- Created on .