Ниет адам баласын тозоктон куткара алабы?
Натыйжасы жакшы бир иш болгон ниет адам баласын акырет азабынан куткарышы мүмкүн.
Ниет – бул, ыктоо жана ичинен чечим чыгаруу сезими. Адам баласы ниет аркылуу эмне каалаганын, эмнени көздөй ыктаганын билет жана ал аркылуу издеген нерсесин табат.
Адам баласынын баардык иштеринин негизи ниет болгондой эле, ыктоолоруна карай «меники» - деп ээ боло турган иштеринин себеби да ниет. Ошондой эле эрктин өзгөрбөс эрежеси жана адам баласынын иш аткаруусунун негизи дагы ниет болуп саналат.
Бардык нерсе оболу адамдын оюнда бир долбоор катары белгиленет. Анан анын планы түзүлөт, андан кийин чечим чыгарылат. Бул алгачкы долбоор жана план болбой туруп, ишке баштап жиберүү натыйжасыз боло тургандай эле, эрксиз жана чечимсиз бардык долбоор жана план да натыйжасыз калат.
Ниеттеги бул күчкө далил боло турган көп нерсе бар. Бирок көптөгөн адамдар жашоону толук түшүнбөгөндүгү үчүн бул күчтүн бар экенин деле билишпейт.
Ниет адам баласынын жасаган иштеринде өтө маанилүү рол ойнойт. Ошондуктан ниет, шыпаалуу дары же баардык эмгекти жемишсиз кылган кыйраткыч күч сыяктуу. Көптөгөн кичинекей иштер, миңдеген машакка айланган бир дан сыяктуу, дарыяга айланган бир тамчыдай ниетке жараша чоңоёт. Анын тескерисинче, көптөгөн тоодой иш-аракеттер бар, жаман ниеттин айынан натыйжасыз жана мөмөсүз болуп калат.
Согушта, кандуу кийимдери менен өлүп, тозокко кеткендер көп болгондой эле, таптаза ниеттери аркылуу жумшак төшөктөрүндө өлүп, бейишке кеткендер да аз эмес. Зулумдарга каршы күрөштө ак ниеттүүлөрдүн жанында жеке кызыкчылыгы үчүн салгылашкандар да болот. Бири Алла Тааланын алдында даражасы көтөрүлсө, биринин даражасы ылдыйлагандан ылдыйлайт.
Ниет – бул, чектүү жана убактылуу дүйнөдө чексиздиктин эшигин ачкан сырдуу ачкыч жана чектүү өмүрдө түбөлүк бакты-таалай, же азап алып келген нерсе. Бул куралды жакшы колдонгон инсандар дайыма ийгиликке жетишет.
Согушка даяр бир жоокер өзү согушка катышпаса да согушчандардын үлүшүнө түшкөндөй сооп алат. Аскердик бөлүктө нөөмөткө туруу саатын күткөн жоокер айлап ибадат кылган адамдай сооп алат.
Мына ушул сырдан улам, Кудайга ишенген пенде убактылуу бир турмушта түбөлүк бакты-таалайга жана өлүмсүздүккө ээ болгондой эле, Кудайды жокко чыгарган пенде түбөлүк азапка дуушар болот. Ушунун баары адамдын ниетине байланыштуу. Түбөлүк ыйман жана туура жолду ойлоо түбөлүк бакты-таалайга себеп боло тургандай эле, түбөлүк каапырдыкты ойлоо да түбөлүк азапка себепчи болот.
Жашоосунун акыркы көз ирмемдеринде жүрөгү Аллага кулчулук кылуу сезими менен толгон пенде миңдеген жаш өмүрү болсо, бардыгын туура жолдо сарптап, ниетинен кайтпай тургандыгы үчүн, ниети жүзөгө ашырылгандай кабыл кылынып, ошого жараша мамиле көрөт. «Момундун ниети жасаган ишинен дагы жакшыраак.» Ошондой эле, акыркы минуталарын жашап жаткан каапыр эгер дагы жүз миңдеген жыл жашай турган болсо, Кудайды жокко чыгарып жашоого кылган ниети үчүн ниетине жараша жазага тартылат.
Демек, бул жашоодо негизги нерсе – инсандын ниети. Түбөлүк бакты-таалайга ыйман келтирүү момунду бейишке ээ кылат, мунун тескериси, каапырды тозокко түртөт.
Кудайды жокко чыгарган каапыр өзү атайылап каалап кылган каапырдыктын жазасын тарта тургандай эле бүткүл каапырдыкка себеп болгон шайтан дагы дилинде сактаган Кудайды жокко чыгаруу пикиринин жазасын такыр бүтпөгөн азап катары тартат.
Негизи шайтандын өзүнө таандык көптөгөн иштери бар. Адамзаттын кээ бир жөндөмдөрүнүн өнүгүшүндө, көптөгөн жакшы сапаттарынын пайда болушунда, дил менен рухтун дайыма ойгоо болушунда шайтандын таасири байкалат.
Ырас, шайтан жеке инсандарга жана жамааттарга жабышат. Алардын жүрөктөрүнө уулуу үрөндөрдү сээп, ошол жүрөктөрдү жамандык жана караңгылык өсүп-өнүп чыккан талаага айлантууга аракеттенет. Анын бул бузукулук аракеттерине каршы жүрөктөгү руханий сезимдер ойгонот. Бул болсо адамдын сезимдеринин өнүгүшүнө, бул эң күчтүү душманга каршы дайыма Жаратканга сыйынууга түртөт. Бул болсо, адам баласынын рухий жашоосу үчүн аз гана зыянга учураса да көптөгөн нерсеге ээ болушу дегенди билдирет. Ушундай руханий салгылашуунун натыйжасында көптөгөн кишилер «сом алтынга» айланышкан, алардан көптөгөн каарман инсандар пайда болгон.
Бирок шайтан булардын сапаттуу инсан болуп чыгуусуна себеп болгонуна карабастан, эч кандай сыйлыкка ээ болбойт. Анткени ал муну сапаттуу адамдар пайда болсун деп жасап жаткан жок, тескерисинче, аларды күнөөгө түртүш үчүн, аларды мүдүрүлтүш үчүн кылууда.
Демек, шайтандын ойлогон ниети да, кылган амалдары да бузук. Ал башкалардын ээ болгон жакшылыктарынан эмес, өзүнүн ниеттеринен суракка тартылат.
Шайтандын ниети бузук жана кылган иштери да жаман. Кудайга каршы чыгууну билип туруп кылат, атайылап адамдарды бузат. «(Алла мындай) деди: «Сага буюрган чагымда сени сажда кылуудан эмне тосту?» «Мен андан (Адамдан) жакшыраакмын. Мени жалын-оттон жараткансың. Аны болсо ылайдан жараттың.» - деди ал.. (Алла мындай) деди: «Андай болсо, андан (бейиштен) түшкүн! Сен үчүн анда (бейиште) текебердик кылып жүрүү ылайык эмес. Бейиштен чык! Албетте, сен кор болуучулардансың!» «Мага алар тириле турган Күнгө чейин (Кыяматка чейин жашоо үчүн) мөөнөт бер», - деди ал. (Алла) айтты: «Сага мөөнөт берилди.» Ал айтты: «Ант болсун, эми мени жолдон аздырып-каңгыратканың себептүү биротоло Сенин Туура Жолуңдун үстүндө аларды (Адам балдарын) күтүп олтурамын.» (Аърааф/12-16). Бул алгачкы баш көтөрүү, болгондо да билип туруп, атайылап бузукулук кылуу каапырдыктын жолун тандап алуу дегенди билдирет.
Шайтандын бул ниетинен жана душмандыгынан улам пайда болгон кээ бир сезимдер аркылуу адам баласы жакшылыкка жете турган болсо, шайтан эч кандай сыйлык ала албайт.
Натыйжа катары мындай демекчибиз, ниет – бул, момундун турмушундагы эң маанилүү нерсе. Адам баласына жакшылык алып келгендей эле, жамандык да алып келет. Бейиштин ачкычы ниет болгондой эле, тозоктун ачкычы да ниет.
«Аткарылган иштер ниетке жараша.» Жаза-сооп жасалган иш-аракетке жараша болот.
- Created on .