Руханий аалам
Kөптөгөн жылдар бою бул өлкөдө рух жана руханий аалам ар дайым маанисиз, негизсиз деп айтылып келген. Айрыкча, кээ бир батыштын пикириндеги жана көз караш, ишеним төңкөрүшүн жасап жатабыз деп ойлогондор, “төңкөрүш” жана “өзгөрүш” деген аталыш менен, жаратылышыбыздын жана түбөлүктүүлүгүбүздүн маңызы, негизи болуп саналган руханий дүйнөнү, рухту жана рухтун алып келгендерин ар дайым барктабастан, бул түшүнүктөргө душман болуп алышкан. Себеби алар рух жана рухка тиешелүү нерселер тууралуу эч нерсе билишпейт эле. Чындыгында, баардык нерсеге материалисттик көз караш менен карагандар, руханий дүйнөнү, руханий нерселерди кабыл алышы мүмкүн эмес. Ооба, алар баардык нерсеге үстүртөн гана калпып карашат. Алардын ой жүгүртүүлөрү, көз караштары өтө тайыз, бала кыял, акылдары көргөн, уккандары менен гана чектелип калган. Илхамдарын материалдык нерселер курчап турат.
Рух жана руханий нерселер, биздин сезимдерибиздин тышында болгондугу үчүн материалисттердин муну түшүнө алышпастыгы, ошол себептүү буларды жактырбаштыктары чын. Б.а. бул руханий аалам тууралуу түшүнө албагандар, ой-жүгүртүү чегин тарытып алууларына дагы байланыштуу. Ооба, бул кичинекей инсандар руханий нерселерди ой-жүгүртүү чөйрөсүнөн сыртка чыгарып салышканда, өздөрүн интеллигент кылып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү келип чыгат. Алар ар дайым, Европада метафизикалык жана руханий дүйнө тууралуу түшүнүктөртүн алынып салынгандыгын айтып, иштин ички жүзүн билбеген коомдорду алдоосу, ал гана эмес кээ бир кыялкеч инсандарга таасир бериши ыктымал. Бирок, бүгүнкү Батыштын түзүлүшүндө маанилүү негиз болуп эсептелген билим материализмге таянса дагы эч качан руханий дүйнө тууралуу түшүнүктөргө толук жабылбады. Ал ар дайым рух жана маани мазмунун позитивдик жана рационалисттик философия менен байланыштыра албаса дагы Платондук көз караштан толугу менен алыстап кете алган жок; С.Ж. Жан жана Паскальды көрмөксөн боло албады; Бергсондун метафизикалык дүйнөсүнөн четтеп кала алган жок.
Ооба, баардык доордо мындай ой-пикирдеги илимпоздор бүгүнкү Батыш дүйнөсүнүн түзүлүшүндө негизги элемент катары милдет аткарып, негизги ролду ойноп келген. Бизде болсо, көз караш төңкөрүшүндө руханий түшүнүктөр эски буюм сыяктуу четке сүрүлүп же кор тутулуп, жерилүү менен “жаңычыл”, “батышчыл” сыяктуу топтор ыйык көргөн нерселердин жолунда курбандыкка чалынган.
Руханий түшүнүк парда артына саякат жасоо жана физикалык ааламды руханий аалам менен бир бүтүн катары талдоо болсо жалпысынан ушундай кабыл алынууда. Андай болбосо жаратылыш жана андагы нерселер акыйкатка туура келе тургандай жоруу, жаратылыштын маңызын, Жаратуучу менен болгон байланышын жана биздин Аны менен болгон байланышыбызды түшүнө алуубуз мүмкүн эмес.
Бүгүнкү күнгө чейинки баардык улуу көз караш агымдарды негизинде метафизика жана руханий түшүнүктүн таасири бар. Бүтүндөй эски дүйнө самийлерден ибранийлерге; арамийлерден туранийлерге; Тоораттан Ведаларга, упанишаттардан авесталарга жана гатарларга жана жаңы дүйнө Забурдан Инжилге, Курандан сүннөткө метафизикалык агымдын ичинде жана руханий түшүнүктун чөйрөсүндө өсүп-өнүккөн. Канттан Гегелге, Леибнизден Жанга чейинки метафизикалык түшүнүктөрдү изилдеген каармандарын кабыл албоо, бүгүнкү Батышты терең тааный албагандык болуп саналат.
Заманбап илимий көз карашты, руханий түшүнүктөргө карама-каршы деп эсептегендер, нерсенин көрүнгөн жана көрүнбөгөн тарабынан кабары жок, физикалык метафизикалык чектерди түшүнө албаган жана ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрү жок адамдар. Негизинде, илим-билимдин башаты метафизикалык түшүнүк болуп саналат. Тарыхта баардык илимий аракеттер бул булактан башталган.
Эгер мындан кийин дагы бир жолу илимдин жарык чөйрөсүндө жаңы бир дүйнө курууну кааласак, муну бир гана ошол кеңири метафизика тууралуу ой-жүгүртүүбүз менен көкүрөгүбүздөн руханий дүйнөгө саресеп салуу менен жүзөгө ашыра алабыз. Чындыгынд, жакынкы тарыхыбызда мындай маанилүү нерсени кайдыгер калтырып койгондугубуз үчүн, көп күч-аракеттер жумшалганына карабастан, элибизде илимге умтулуу, илим тууралуу ойлоо, Батыш философиясына тең философия болгон эмес. Себеби, акыйкатты сүйүү жана илим-билимге умтулуу менен элдердин жүрөгүнөн түнөк таба албадык.
Бүгүнкү күнү, илим-билим жаатындагы колдонулуп жаткан негиздер, жашоо-жаратылыш философиябыз, башкалар тарабынан айтылган теориялар жана булардын өзөгү дагы эч качан биздин ой-пикир, түшүнүгүбүздүн жана иш-аракеттерибиздин мөмөсү эмес.
Биз кыйынчылык тартып, түйшөлүүбүздүн, ой санаабыздын, илхамдарыбыздын натыйжасы болбогон нерселерден пайдаланууга аракет кылуубуз руханий дүйнөбүздү өлтүрүү жана ой жүгүртүүбүздү кысыр абалга келтирүүбүз болуп саналат.
Дагы бир жолу эске сала кетсек: илимдин, ой-пикирдин, көз караштын, өнөрдүн, ал гана эмес инсандык улуу сапаттардын, адеп-ахлак жана маданияттын азыктанган эң маанилүү башаты, ушундай руханий түшүнүк. Күч жана таянычтары өздүк көз караштарыбыздын мөмөсү болуп саналган мындай ой-пикир менен бөлүк-бөлүккө ажыраган маалыматтар бир бүтүнго айланып жана макулуктар чөйрөсүнөн ааламдын эң жогорку чегине чейин баардык нерсе конус сыяктуу кеңейип дагы кененирээк мейкиндиктерде саякаттоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондуктан, руханий дүйнө тууралуу түшүнүгү болбогон, ошол себептен өздүк руханий көз карашын түзө албаган элдер, эч качан башканы туурап жашоодон кутула албайт; өздүк түшүнүк жана маданиятка ээ боло алышпайт. Алар ар дайым ар жак бер жагына каранып, ар кимден үмүт кылып, тилемчиликке түшөт жана арттан келгендерге ийри-буйру жолду мурас кылып калтырышат. Ооба, бүгүнкү күнгө чейинки тарыхта метафизикалык түшүнүктүн негизинде жеке маданиятына ээ боло албаган коомдор, жолдун аягында өздөрүн өздөрү танууга мажбур болушкан.
Бир канча кылымдардан бери тууроочулугубуз жана андан келип чыккан чечкинсиздигибиз, бизди жана биз тарбиялаган муундарды жана арттан келгендерди адаштырып, түрдүү ой-пикирлер кагылышкан аренага түрткөн жана коом мүчөлөрүн бири-бирине душман кылган.
Биз эми, көздөрүбүз келечекке үмүт менен карап, коомубузду ишеничсиздиктен, туруксуздуктан, чечкинсиздиктен жана тууроочулуктан куткарып, өздүк руханий ишенимибизге, маданиятыбызга жана адеп-ахлагыбызга ээ кыла турган эрктүү азаматтарды күтүүдөбүз.
- Created on .