Ыйык көч
Kөчүү, адам баласы жаратылгандан бери токтобой келе жаткан жана ошол эле учурда маданият тарыхы менен дагы тыгыз байланышта болгон маанилүү нерсе.
Ооба, эне курсагынан балалыкка, балалыктан өспүрүм учурга, андан кийин карылык жана өлүмдү басып өтүү менен узак сапарга чыккан карып адам баласы; экинчи тарапта, колундагы чырагы менен доорлорго жарык чачкан, түрдүү доорлорго мөөрүн баскан; ачкан нурдуу жолдо артынан ээрчигендерге улуу цивилизацияларды көрсөткөн, көкүрөгүндөгү оту менен бул жолго берилгендердин жан дүйнөлөрүн жарытып, аларды ыйман жана үмүт менен өлбөстүккө даярдаган, катаал замандын караңгы доорлорунда дагы үмүт берип, жолдорду жарыткан улуу жол башчылар дагы жолоочу инсандар эле жана ар дайым көчүп турушчу. Ишенимдери, көз-караштары, миссиялары үчүн токтобогон көч эле..
Бир акыйкаттын түрдүү жактары болуп саналган ыйман, көчүү жана жихад үчилтигинин, Куттуу Баянда (Куранда) биринин артынан экинчисинин айтылышы, бул маселенин канчалык маанилүү экендигинин ачык далили. Ишенүү, көчүү жана ыйман келтирген нерсеси үчүн күрөшүүнү бул жаңы чөйрөдө, жаңы адамдар жана шарттарга жараша токтобостон, чарчабастан улантуу улуу инсандардын иши. Бул ыйык булактан кана-кана ичкендер, ыйман менен толкуп, караңгы жерлерге жарык чачышат.
Миссия канчалык улуу болсо дагы, идея канчалык пайдалуу жана нукура болуп, келген кабар канчалык укмуштуудай болсо дагы, аны алгачкы жолу уккан инсандардын каршы чыгып, кыйынчылыктар жаратышы демейдеги көрүнүш жана табигый нерсе. Ушул себептен, өзүнүн коомунда жаңы бир ыйман, жаңы ышкыны жана толкундоону ойготууну каалагандардын баары, же күрөшүн ал жерде жарыя, купуя улантат же жүрөгүнүн илхамдарына, сунулуусу менен милдеттендирилген маалымат-кабарларды кабыл ала турган башка адамдарды издейт.
Биринчи бөлүмдө, ал ишеним жана ой-пикирге көңүлүн берген баардык инсандар өтө этияттык менен баардык нерсеге терең көңүл буруп, кадам ташташы керек. Андай болбосо, үмүт кылынгандай мааниде инсандардын көкүрөгүн жарыта албашы мындай турсун, көбүнчө кичинекей эле этиятсыздык, аз бир жаңылыштык, шарттардын оордошуна, чөйрөнү жашоого мүмкүн болбой турган абалга алып келиши ыктымал. Бир жамааттын баардык мүчөлөрүнүн ар дайым мындай этияттыкта болушу кыйын болгондуктан, мындай абалдарда адамдарды туура жолго баштоону башка бир чөйрөдө улантуу бир жагынан алып караганда зарыл. Мындай учурларда башкача көрүнүштө аракет кылуудан дагы эч кандай майнап чыкпайт.
Эзелтеден бери эле ар бир жаңы көз караш, пайда болгон чөйрөсүндө кордолуп, ага каршы пландар түзүлсө, тескерисинче, ал көз караш жана ал көз карашты алып жүргөн адамдардын балалыгын, жаштык учурун билбеген башка бир чөйрө, көпчүлүк учурда аларга кучак жайып, колдоого алган.
Ушул себептен, ар бир агартуучунун тагдырында ушул нерселер бар: оболу ыйман, андан кийин коомчулукту кучагына алган жаңылыштыктарга каршы күрөшүү, андан кийин керек болсо, адамзаттын кубанычы жана бактылуулугу үчүн баардык нерселерин курмандыкка чалып, башка ышкылуу жүрөктөрдү издөө үчүн кайрадан жолго чыгуу.
Ар бир жаңыланууда эки негиз бар жана эки этап бар. Биринчи этап, инсандын ыйманга ээ болуусу, напсин жеңүү менен Алланын чыныгы кулу болуу этабы. Бул баскычта жихад, толугу менен инсандын өз напсинин арзууларына каршы багытталат жана адам баласы өзүн кайрадан жөнгө салуусу менен байланыштуу болот. Ошондуктан бул жихад “чоң жихад” болуп саналат. Экинчи баскычта болсо, ар бир жүрөктө жалындаган ыйман оту, чөйрөгө түрдүү көрүнүштө шоола чача баштайт. Бул деңгээлге жеткенде хижрат эшикти каккылай баштайт.
Негизинде, бул этапка чейинки баскычтарда дагы руханий хижрат тууралуу айтууга болот: Инсан, өзү турган абалынан өтүүсү керек болгон абалга, пассивдүүлүктөн активдүүлүккө, бузулган абалдан жаңыланууга, миңдеген күнөө атмосферасынан жан дүйнөнүн жогорулоо багытына көтөрүлүу сыяктуу. Жогоруда айтылгандардын баарында хижрат деген маани камтылган. Экинчи хижраттын ишке ашышы үчүн, биринчи баскычтагы хижраттын аткарылышы керек. Напсинен жүрөгүнө, денесинен руханий дүйнөсүнө көчүүдө ийгиликке ээ болгондор, сырткы көчүүдө дагы ийгиликке жетет. Бул маанидеги хижрат, алгачкы жолу, адамзаттын айлары, күндөрү болгон Азирети Ибрахим, Азирети Лут, Азирети Муса, Азирети Иса сыяктуу улуу инсандар тарабынан башталган. Андан кийин бул жолдун теңдешсиз жол башчысы, Адамзаттын Асыл Таажысы Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул жол менен кетти. Эшикти кыяматка чейин артынан келе тургандарга ачык калтырды...
Алла жолунда жана Алланын урматы үчүн болгон хижрат (көчүү) өтө ыйык. Мал-жанын ыйман келтирип, ишенген миссиясы үчүн курмандыкка чалган куттуу жамааттын, эң жогору бааланган учурунда, башка наам менен эмес, “мухажир” деген наам менен аталышы өтө маанилүү. Бул ыйык жана улуу инсандардын доорунда бир тарыхтын башталышы тууралуу сөз болуп жатканда, Пайгамбардын (с.а.в.) төрөлүшү, пайгамбарлык менен милдеттендирилиши, Мадина калкынын бул улуу миссияны колдоого алуусу, Бадр согушу, Маккенин ачылышы сыяктуу. Ар бири өзүнчө өтө маанилүү болгон окуялардын ичинен хижраттын тандалып алынышы, көңүл бурула турган маселе.
Ошондой эле, улуу бир максатты көздөө менен көчкөн ар бир адам, жашоосунун ар бир көз ирмеминде, көчүүгө себеп болгон улуу максатты көкүрөгүндө сезип, жашоосун ошого багыттайт. Айрыкча, балалык жана жаштык чактарындагы кордоо, басынтуулардан кутулушу, кенен-кесир, ырахат жашоосу бул ыйык көчкө байланыштуу. Ким болсо дагы балалык жана жаштык чагын өткөргөн чөйрөдө, ал чакка таандык, душмандары тарабынан кээ бир жактары сынга алынуу ыктымалына каршы, көчүү менен түшкөн жаңы чөйрөсүндө, таза абалы, таза көз караштары менен ар дайым баркталган бир адам болуп калмакчы. Бул нерселер же башка себептер болсун, мурдатан бери эле тарыхтын агымын өзгөрткөн инсандар мухажирлер болуп келишкен.
Социологдордун аныктоосу боюнча, жер жүзүндөгү цивилизациялардын баары көчкөн адам жана жамааттар тарабынан курулган. Туинби, көчмөндөр тарабынан курулган жыйырма жети цивилизаия тууралуу баяндайт. Бул албетте, ар бир чакта көчмөн өкүмдарлыгы болгон деген мааниге келет. Өзүн жыргалчылыкка таштап салбаган, ар дайым баардык нерсесинен ажырап калууга даяр, күрөшүүсүнүн кандай кыйынчылык, мүшкүлдөрдү алып келе тургандыгын билген жана бир аскер сыяктуу ар дайым буйрукка даяр андай инсандар менен күрөшүүгө жана аларды сүрүп жок кылууга эч кимдин күчү жетпейт.
Мына ошол азаматтар алгачкы цивилизациянын куруучулары! Мына ошолор бир канча уруудан дүйнөнү багындырган улуу императорлукту кургандар! Чагылган сыяктуу караңгылык доорлорго түшкөн бул адамдар, жыргалчылыктарды машакатта, тирүү калууну өлүмгө тике кароодо, түбөлүк бар болууну жаңыланып турууда деп билди жана жеңилбес күчкө айланышты.
Аттиң, учурубуздун муундарын жыргалчылыктан, напсинин арзууларынын туткунунан куткарып, рухний дүйнөсүн улуу сезимдер менен камсыздап, ар дайым кыйынчылык тарткан, идеалдуу инсандардын деңгээлине чыгара алсак! Балким ошондо коом катары арзыбаган нерселердин таасиринде калбай жана кээ бир болбогон кичинекей кыйынчылыктарга жеңилип, багытыбызды өзгөртпөс белек.
- Created on .