Сүйүү сыры

Сүйүү – бул материалдык, руханий нерселерге көңүлдөнүү. Сырткы сулуулукка көңүл түшсө, ал сулуулуктар түбөлүктүү болбогондуктан аягы кайгылуу ажыроо менен бүтөт. Руханий нерселерге көңүл түшсө, ал түбөлүктүү жана кайгыга салбайт!

* * *

“Жүрөктө чыныгы сүйүү бар болсо, анда чыныгы душмандык болбойт. Жүрөктү чыныгы душмандык ээлесе, анда чыныгы сүйүү болбойт” деген сөз көптөгөн түйүндүү маанилерди ачкан сыйкырдуу ачкыч.

* * *

Үмүт кылынган ырахатка жетүү, үмүт сыяктуу эле сүйүүнүн да өлүмү болуп саналат. Үмүт жана сүйүү изденген адамдардын канаты жана изденип турган учурда ар дайым алар менен бирге болот.

* * *

Доктурлар оорунун таасирин анын белгилеринен билет. Ал эми оорулуу аны сезет. Мына ушул сыяктуу, сүйүүнү ашык болгон адам руханий лаззаттарды Алланы тааныгандар сезишет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2026 Cascade Trust. Fethullah Gülen's Official Web Site. All Rights Reserved.
fgulen.com is the official source and licensor of the works of the renowned Turkish scholar and intellectual Fethullah Gülen. Operated by Paramus Publishing with permission of Cascade Trust.