Ички дүйнө

Жан дүйнөбүзгө баш баккан ар бир ой-пикир эртели-кеч жемиш берет. Ал жемиш же бейиштеги “Тубаа” дарагынын мөмөсү же тозоктогу “Заккумдун” мөмөсү болот. Көкүрөгүндө жакшылыктын, кечиримдүүлүктүн, кең пейилдүүлүктүн уругу сакталган адамдын көңүлү ар дайым бейиш бакчаларын элестетет. Андай адамдын уурулук, каракчылык, зына кылышы, адам өлтүрүшү, ичкилик ичип, баңги болушу, бардык адамдарды жек көрүп, бардык нерсени сынга алышы мүмкүн эмес.

* * *

Кара ниет, арам ойлуу адамдын кылган иши анын ички дүйнөсүн чагылдырып турат. Мына ошондуктан ар бир адам өзүнүн ниетин туураламайынча кыймыл-аракети жүрүм-туруму жакшы болбойт жана көпкө чейин ошол бойдон кала албайт.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2026 Cascade Trust. Fethullah Gülen's Official Web Site. All Rights Reserved.
fgulen.com is the official source and licensor of the works of the renowned Turkish scholar and intellectual Fethullah Gülen. Operated by Paramus Publishing with permission of Cascade Trust.