Баалуу адамдар

Адамдардын арасында арзыбаган нерселерге сатылып кете турган арзандары болгондой эле жер бети толо алтынга да сатылбай турган баалуулары бар. Бир элди өркүндөтүп, өстүрө тургандар мына ошол экинчи топтогу адамдар. Баалуу адамдар жамгыр алып келген булуттар сыяктуу дайыма улуу максатка жана сапаттарга ээ. Алар адамдардын арасында белгилүү болушса да болушпаса да жүргөн жерлерине береке жаайт...

* * *

Омар Мухтар италиялык баскынчыларга “Мен өлсөм түбөлүк тирүүлүккө жетем. Силер болсо өлүм менен кошо жок болосуңар” деген. Мусулман өмүрүн өтө чоң баага сатат. Убактылуу жашоосун берип, түбөлүктүү жашоого ээ болот.

* * *

Бизди бул дүйнөгө байлап турган ден соолук бир канча күн кооз көрүнгөн гүлгө окшош. Ал кулпуруп турган кезинде баарынын көңүлүн өзүнө бурат. Соолуганда болсо эч кандай баркы калбай калат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2026 Cascade Trust. Fethullah Gülen's Official Web Site. All Rights Reserved.
fgulen.com is the official source and licensor of the works of the renowned Turkish scholar and intellectual Fethullah Gülen. Operated by Paramus Publishing with permission of Cascade Trust.