Курандын «Оку!» деп баштоосунда кандай даанышман сыр (хикмат) бар?
Алланын «Икра - Оку» деген буйругу анын жараткандарынын эң улуусу болгон инсандын табиятынын жана адам баласынын руханий жогорулоосунун чексиздигине ылайык ага карата Улуу Жаратуучунун кайрылуусу болуп саналат. Ушул чакыруу менен адамзатты улуу максат жана жоопкерчилик менен милдеттендирген.
Ааламга үңүлүп дыкаттык менен карай турган болсок андагы терең маани маңызды түшүнүп, натыйжада Улуу Жараткан Алланын койгон мыйзам менен күч-кудуретинин чексиздигине күбө болобуз, демек бул аалам лавхи махфуздун чагылуусу.
Алла адамзаттан башка жандуу, жансыз бардык макулукту «калем» катары милдеткер кылгандыктан, ушундайча ар бир макулук өзүнө тапшырылган, өзүндө болуп өткөн окуяларды жазган жана дагы эле жазууда.
Жандуу-жансыз жаратылгандардын ар бири өзүнчө бир китеп. Ошондуктан курандын бул аяты, «көрүп, күбө бол!» түрүндө эмес, «Оку!» деген буйрук түрүндө түшкөн. Анткени, китеп окуш үчүн бар. Ар бири, бирден китеп болуп саналган макулуктарга толгон бул керемет аалам, илахий бир китепкана экендигинде шек жок. Адамдан бөлөк бардык макулуктар бир гана «жазууга» милдеттендирилсе, адам баласына жазуу жана окуу милдети жүктөлгөн.
Илим жаратылыштагы мыйзам-ченемдүү жана түрдүү нерселердин бири-бири менен болгон байланыштарын түшүнүү жана бул түшүнүктөрдү топторго бөлүп, жыйноо болуп эсептелет. Жаратылыш ченеминдеги кылдаттык жана айкаштык кокусунан боло калган эмес. Ошондуктан, мындай бир тартиптин, албетте, бир негиздөөчүсү бар, болгондо да барлыгы талашсыз Жараткандын бардык нерседен дагы ачык айкын болгон негиздөөчү.
Ар бир нерсе оболу ойлонулуп такталат да, анан ишке ашырылат. Кагазга түшүрүлөрдөн мурун архитектуралык пландын архитектордун мээсинде сүрөттөлөөрү сыяктуу. Адам баласынын акылы бул нерсени кандай элестетип сүрөттөйт, ал өзүнчө кеп, жаратылышты камтый турган масштабдагы бул тартип лавхи махфуз болсо, жазылуу мыйзам Куран Карим жана ал лавхи махфуздун күзгүсү.
Демек, адам баласы окушу керек. Окуган сайын түшүнүүгө аракет кылат, кээде туура эмес түшүнөт, катачылык кетирет; тажрыйбаларды жүргүзөт; илимди изилдеп талдоо менен ишеничтүү, таяныла турган абалга жеткизет. Кароо деген башка, көрүү деген башка түшүнүк, түшүнүү башка, түшүнгөнүн кабыл кылып, аң¬сезими менен жан дүйнөсүнө сиңирүү башка; андан кийин аны жүзөгө ашыруу башка жана жүзөгө ашырганын башкага түшүндүрүү таптакыр башка нерсе.
Ырас, түшүнүп-аңдоого байланыштуу бул түрдүү түшүнүктөр дайыма боло бере турган көрүнүш. Анткени ааламда көптөгөн мыйзамдар бар жана булар мыйзамды негиздөөчү тарабынан керемет айкаштык менен ишке ашырылууда. Булардын бир канчасын санай кетсек, алар төмөнкүлөр:
1. Жекеден жалпыга, индукцияык жалпылоо (жекеден жалпыга).
2. Көптөрдүн арасында окшоштуктардын, айырманын жана карама-каршылыктардын болушу,
3. Карама-каршылыктардын ортосундагы байланыш,
4. Мунаваба (милдетти биринин артынан бирин аткаруу),
5. Үйрөнүү, унутуу жана кайра үйрөнүү
6. Аракеттенүү,
7. Тахлил жана таркиб (анализдөө, синтездөө)
8. Илхам.
Адам баласы бул мыйзамдардын бардыгына баш иет. Ошондуктан, албетте, көп киши бар жана алардын ортосунда окшоштуктар, айырмалар жана карама-каршылыктар болот. Ошондой эле, адамдар окшош, түрдүү көз караш, ишеним, мамиле жана аракетке ээ. Бирок баардык бул табигый карама-каршылыктар кыймылсыз, бош эмес, жандуу жана кыймылдуу бир тең салмактуулуктун ичинде болот.
Тең салмактуулукту сактабай, бир жактуу болуп динди гана максат кылган агым илимден ажырайт жана бир гана илимди максат кылган агым ыймандан ынанымдан ажырайт.
Ошондуктан илим менен караңгылык (сабатсыздык), кабыл алуу менен жокко чыгаруу, улуулук менен төмөндүк, зулумдук менен адилеттүүлүк, сүйүү менен жек көрүү, согушуу менен тынчтыкта болуу, сергектик менен ыкшоолук камтылган, тобокелдүү жашоо темпинин жанында бардык нерсени адам баласы жасай алат деген ишенимге таянган сабырсыздык жана шашмалык, бузуп-талкалоо сыяктуу катаал окуялар болуп турат.
Тандалма инсан, адамзаттын сыймыгы үйрөткөн нерселер да унутулуп, кайрадан эстелип, үйрөнүлөт. Ушул сыяктуу эле мындай бөлүктөргө бөлүнүү, анализдөө, түрдөнүү, көбөйүүнүн натыйжасында, албетте, мында да жаңыдан кароо, жаңыдан синтездөө ишке ашат жана, талашсыз түрдө, илхам, айдан ачыка чыгуу пайда болот.
Булардын бардыгы болгон, болууда жана үзгүлтүксүз боло бермекчи. Азирети Мусага социалдык илимдерди жана коомдук түзүлүштүн сакталышын камсыздай турган буйруктар («Он буйрук»), Азирети Исага коомдук мамилелерде жумшактык, мээрим, сүйүү жана толеранттуулук, сабыр; Азирети Мухаммедге (саллаллаху алейхи васаллам) булардын бардыгына кошумча катары илим, даанышмандык, оюн кыска-нуска баяндап берүү жөндөмдөрү жана сапаттары берилген эле.
Мусулман болуу, башкаларга салыштырмалуу, бир өңүттөн караганда, оорураак, жоопкерчиликтүүрөөк, бирок ошончолук улуу нерсе. Анткени коомдук негиздерден башка сүйүү жана толеранттуулук, жумшактык жана мээрим, сабырдуулук менен кошо илим, даанышмандык сыяктуу дагы бир топ сапаттарды талап кылат.
Физика, химия, астрономия, биология сыяктуу илимдердин тармагында жасалган ачылыштар, өнүгүүлөр, мурунтан лавхи махфузда өң түскө ээ болуп, Куран Каримде жазылган жана ааламда мезгил мезгили менен жана биринин артынан бири көрүнгөн негиздердин кээ бирин кенен түшүнүүгө өбөлгө түзгөндүктөн, баардык жан дүйнөсү терең инсандарды куттуктап, мактоо керек.
Бирок мындай кызматтын ийгиликтери менен бирге, Жаратканды жокко чыгаруу, илахий илхам менен иршадды (туура жолго салуу) кабылдабоо, адамды кудайлаштыруу, адамдын тажаалданган эркин чексиз кылуу сыяктуу адашуудан адамзатты коргоо зарылдыгы туулат.
Физика жана химия лабораторияларында жүргүзүлгөн тажрыйбаларга, үйрөнүлгөн мыйзамдарга баш ийип, физика, химия жана биология кубулуштарына жаңы багыттар көрсөтүлбөсө, жаңы нерселерге ачылыш жасоо жана жаңы нерселерди ойлоп табуу ийгилиги манчыркатып, көздөрүн май басып, аны коомдон таптакыр бөлүп салуу коркунучу бар.
Учурдагы илимди сенектиктен, супсактыктан куткаруу; оболу илимдерге негиз болгон маселелерди татыктуу түрдө түшүнүүгө жардам берет; экинчиден адамдын эрки жана акылы жете турган нерсени аткаруу, ички сезимдерин жашоосунда жүзөгө ашырат.
Ошондо сабаттуу инсандардын тилинен бал куюлуп, ааламды китеп сыяктуу сөзмө сөз, сап сабы менен окушат. Ансыз деле ааламды китептен башкача көрүү мүмкүн эмес. Анткени, алгачкы жаратылган нерсе «калем», алгачкы буйрук «оку» болгон...
Бирок, бул маселе биз ойлогончолук оңой¬олтоң эмес. Тышкы жана ички сезимдер окуяларды кылдат сезип, көрсө да, бул сезимдердин бириндеги кемчилик калгандарын таасирсиз кылат.
Ошон үчүн Куранда сокурлук, дүлөйлүк жана дудуктук бирге эскерилет. Анткени Кудайдын табиятта койгон эрежеси аркылуу, окуу көз менен ишке ашкан сыяктуу эле, Кудайдан вахий жолу менен келген буйруктарды кулак кабыл алып, аны тил баяндайт.
Ошондуктан, объективдүү жана субъективдүү нерселерди көрө албаган, кулагына угулганды укпайт, укса да түшүнбөйт. Ошондуктан, кулагына Кудайдын буйругу угулганда жан¬дүйнөсү ойгонбогон пенде Жаратуучунун жаратылышка койгон мыйзамдары (ашшарият-ул фитрия) менен куру бекер алпурушуудан өзүн куткара албайт.
Демек, «Оку!» деген буйруктун бүтүндөшүү жана бүтүндөштүрүү, акыл калчап назар салуу жана талдоо, көрүп, сезүү, андан кийин бул ички сезимдерди тил менен баяндоо болгондуктан, биз үчүн алгачкы буйрук болуусу кандай гана маанилүү.
Маанилүү болгондуктан узунураак баяндалды жана мезгил мезгили менен деталдуу темаларга токтолду. Кайра кайра талданып окула турган болсо, бизге кечиримдүүлүк менен карайсыздар деген ойдобуз.
- Created on .