Түшүндүрүү жолу
Биз мурдагы бөлүмдө талдоого алган негизги тема, ар кандай жаш деңгээлдерине жараша баланын ишеними жана ибадаты тууралуу темалар болчу. Биз бул жаатта жакшы натыйжаларга жетүүнү ата-эне жана тарбиячылардын кыймыл-аракет жана жашап көрсөтүүсүнө байланыштуу болот деп айтып келдик.
Ооба, сөздөр адам баласынын ички дүйнөсүнө, руханиятына, кыймыл-аракетине тилмеч болсо, сезип, ойлогон, айткандарыбыз маектешибизге таасирин тийгизет. Тескерисинче, сөздөрүбүз, кыймыл-аракеттерибиз менен тастыкталбаса, жүрөгүбүздө дагы ошондой ишеним жок болсо, маектешибизге көп таасирдүү боло албашыбыз анык.
Мына ошондуктан, чоң же кичине бир таалим-тарбия очогунда же бир уюмду башкарган кызматкер болсоңор, ал жердеги тартиптин себепчиси силер экениңерди билишиңер керек. Силер жолдон тайсаңар, бүтүндөй ошол уюм жолдон таят. Тескерисинче, силер туура жолдо болсоңор, силерге көз каранды болгон ал жамаат дагы жолдон чыкпайт же чыккандардын саны дагы өтө аз болот.
1. Жашап көрсөтүү
Кыймыл-аракеттерибиздеги кылдаттык, сөздөрүбүздүн таасирдүү болушу жана каалаган максаттарыбызга жетүүбүз үчүн өтө маанилүү. Мисалы эгер биз намаз окусак, бул нерсе балага Алланын алдында Ага урмат көрсөтүү менен тургандыгыбызды сүрөттөгөн бир китеп окуудан дагы таасирдүүрөөк болот. Бул, балдардын: “Аллага карата кандай урмат көрсөтүү керек?” деген суроосуна эң жакшы жооп болсо керек. Тескерисинче намазды, хадисте айтылгандай “Тоок жерден жем жегендей... окуй турган болсоңор, силерден намазды үйрөнгөн адам дагы ошондой үйрөнөт. Мындайча окулган намаз адам баласын жамандыктан тоспогондой эле, силердин тарбияңардагы адамдарда дагы Алла Таалага карата урмат-сый сезимин ойгото албайт жана алардын жан дүйнөсүнө жакшы из калтырбайт.
Ырас, намазды чын ыкылас менен окуу өтө маанилүү. Алла Тааланын алдында чын дилден моюн сунуп, Ага кулчулук кылып турган адамдын көрүнүшү табияты таптаза наристелерге чоң таасир берет.
Жакшы иштер менен үлгү болгончолук деңгээлде, жаман кыймыл-аракеттерден алыс болуу дагы өтө маанилүү. Алар мектеп жана көчөлөрдө ар кандай күмөн ойлордун туткунуна түшүп калуулары мүмкүн. Эч кечиктирилбестен буларды жоюуга аракет кылуу керек. Балдарыңар окуган китептерде силердин ишенимиңерге туура келбеген нерсе бар болгондугун көрүп туруп, буга карата чара көрбөсөңөр, алардын көкүрөгүндө күмөндүү ойлор пайда болуп калышы ыктымал. Мына ошондуктан, баланын үйдөгү кыймыл-аракеттерине гана көңүл буруу менен чектелип калбастан, ошол эле учурда анын ой-пикиринин өсүшүнө байланышкан жалпы чөйрөнү дагы көзөмөлгө алууңар зарыл. Окула турган китептердин абалтадан аныктап, тактап, тандап алуу, жакшы адам тарбиялоону каалаган адамдар үчүн өтө маанилүү. Ооба, белгилүү бир учурдан кийин, анын кызыгуу жана жек көрүүсүн билүүгө аракет кылуу, ал эмнелерди угуп, окуп жаткандыгына кызыгуу, анын бирге жүргөн досторун таанып билүү, кандай чара көрүү керек болсо, ошондой чара көрүү маанилүү.
а) Окуучу, мугалим жана ата-эне
Бүгүнкү күнүбүздүн көйгөйлөрүнүн бири, ата-эне, уул-кыз же башкача айтканда эски муун, жаңы муундун ортосундагы маданияттык айырмачылыктан келип чыккан терс натыйжалар тарбия менен байланышкан чаралардын ортомчулугу менен жоюла турган нерселер жана анын убагы бала эс тартып калганга чейин болот. Андан кеч кала турган болсо, таасирдүү болбой калышы ыктымал. Бул жерде дагы айтыла кетчү нерсе, атасы таалим-тарбия албаган балдар жогорку окуу жайларында окуса, бул балдардын кээ бирлери өздөрүн ата-энелеринен өйдө эсептегендиктен, эч качан ата-энесинин ой-пикирине кулак салбашы мүмкүн. Ооба, бүгүн канчалаган диндар адамдардын балдары орто мектепте, башталгыч класстарда кээ бир туура эмес ой-пикирлерге кабылып, адепсиздикти жактырып, мамлекетке, элге, мектеп башкармалыгына каршы болуп алышкан. Ар кандай ички жана сырткы провакациялардын шары менен жаман жолдорго барышууда.
Тарыхтагы жана азыр болуп жаткан окуучулардын терс иш-аракеттерин талдоого алганда, анын себеби балдардын кыймыл-аракеттери убагында көзөмөлгө алынбагандыгы жана аларга бериле турган тарбия берилбегендиги болуп саналат. Тарбиялоо жагынан биздин кемчилигибиздин жаман натыйжалары үчүн өкүнүү бекер. Биздин көкүрөгүбүздөгү “көкөй кестибиз” дагы сооп алып келбеген кыйналуу болуп саналат.
Курани Карим бир жерде, туура жолдон адаштырылгандарды, тарбия көрбөй, башкаларды тууроо менен артынан ээрчип кеткендер жөнүндө төмөндөгүчө баяндайт:
“Оо, Эгебиз! Биз, башчыларыбызга, чоңдорубузга моюн сунган элек. Ошолор бизди туура жолдон адаштырды”.
Курани Каримдин жүрөк титиреткен бул баянында, намаз окуудан алыс пенделердин, Алла Тааланын коркунучтуу азабын көргөндө, ата-энелерге, агаларга, таекелерге, жакын туугандарга, имамдарга, мектептеги мугалимдерге ачуу наалат, каргыштарын айтышаары тууралуу баяндалууда.
Ушул себептен, таалим-тарбия берүүчү адамдардын туура жүрүм-турумдары, дүйнө жана акыретте өздөрүнүн жана балдарынын бактылуулугуна; мунун тескерисинче, жоопкерчиликтерине кайдыгер мамиле кылгандардын туура эмес кыймыл-аракеттери аларды гана бул дүйнө жана акырет азабына салбастан, ошол эле учурда тарбиясына кайдыгер мамиле жасалгандардын дагы бул дүйнө, акырет азабына дуушар болуусуна алып келет.
б) Жолдон чыгарылгандардын кыйкырыктары
Балага, материалдык-руханий, бул дүйнө жана акырет жашоосуна эч пайдасы тийбей турган нерселер менен алек болуусуна уруксат берсеңер: Алла Таала акыретте: “Силерден мурда өткөн жин жана инсандардын арасында силер дагы отко (тозокко) киргиле!” Баардык элдер ал жерге киргенде жоро-жолдошторуна каргыш айтышат. Баары бири-биринин артынан ал жерде (тозокто) жыйналганда, ээрчүүчүлөр жол башчылары тууралуу “Эй, Раббибиз! Бизди мына ушулар жолдон адаштырышкан! Ошондуктан аларга оттон дагы бир эсе көбүрөөк азап бер!” – дейт.” деген сыздоо, шылтоо кылуу учуру болот.
Ооба Куран баяндагандай, силер бир убактарда тарбияладык деп ойлогон балдарыңар баары бир ооздон улууларына карата каргыш айтышат. Аз болсо дагы акыретке ишенген пенде бир ооздон айтыла турган мындай каргыштан катуу коркуп, Аллага корголоосу керек. Мындай каргыштан сактануунун жолу – арттан ээрчүүчүлөргө Алланы, Пайгамбарды сүйүүдөн баштап, адеп-ахлак жактан туура жашоого чейинки баардык нерседе жакшы өрнөк болуу...
Алла Таала жана Анын Элчисинин (САВ) макталган үй-бүлөдө бала окуп-көргөнүнчөлүк Аллага жакын болот жана Аны сүйөт. Кайсыл үй-бүлөдө Алла жана Анын Элчиси (САВ) тууралуу баяндалбагандыгын балдардын руханиятына карап өлчөөгө болот. Ооба, бир үй-бүлөдө туура эмес иштер жасалып, жасалбагандыгы жана жакшы иштер аткарылып тургандыгын баланын сөздөрүнөн жана кыймыл-аракеттеринен байкоого болот. Бала үй-бүлөнүн сыртка караган экраны жана үй-бүлөдөгү түрдүү үндөрдү сыртка жаңыртып турган колонка сыяктуу. Ушул экран жана колонкадан үй-бүлөнүн эң жашыруун бурчтарына күбө болуп жана купуя шыбырларын уга алабыз.
в) Бейиштин жана тозоктун жолу
Тозок, инсандык каалоолор жана напсиге жаккан нерселер менен, бейиш жагымсыз нерселер менен курчалган. Ибадат жана кулчулуктун оордугу, б.а. бир жагынан дене кумарларын ооздуктай албаган адам ар күнү ар башка каргашалуу нерселердин алдында чөгөлөгөн пенде бейишке кире албайт. Биздин жашоо жолубуз акыр аягында барып такала турган максаттын эки жагы бар. Биз бир тараптан дин “кылба” деген нерселердин бүтүндөй баарын таштап жана таштаттырып, экинчи тараптан “аткар” деген нерселерди ийне-жибине чейин сезимталдык менен аткарууга аракет кылабыз. Мына ушундайча напсинин каалоосунун артынан ээрчип кетүүдөн сактана алабыз.
Биз, бизден абалкылардын үрөнүнүн түшүмү, бизден кийинки муундар болсо, биздин иш-аракеттерибиздин мөмөсү болот. Заман тууралуу арыздануунун ордуна, кайдыгерлигибиздин келечектеги натыйжаларын көрөгөчтүк кылып байкап, жоопкерчиликтүүлүк менен руханий тирилүүгө аракет кылышыбыз абзел. Мындай тирилиш биздин жана бизден кийинки муундардын жана өз тарыхыбыздын кайрадан тирилүүсү болуп саналат.
- Created on .