Мамлекеттердин кыйроо себептери
Тарыхта жашап өткөн цивилизацияларга көз чаптыра турган болсок, алардын баарынын кыйрашы, Ирем бакчаларын каптаган чычкандар сыяктуу, адеп-ахлактын кемирүүчүлөрүнө дуушар болушкан. Адеп-ахлаксыздык менен акырындап коомдук баалуулуктарынын асты оюлуп жатса да кээде эч байкалбай калышы ыктымал. Байкалган учурда өтө кеч болуп калгандыгы түшүнүктүү болот. Бул өтө сезимтал жерлерибизге метастаз жүргүзүлгөнгө чейин рак оорусун байкай албагандыгыбыз сыяктуу эле, көпчүлүк учурда аны байкаганыбызда, о дүйнөгө сапар башталып калган болот.
Жеке адамдын денесиндеги рак оорусу кандай болсо, элдердин жашоосунда дагы адеп-ахлаксыздык ошондой нерсе. Эң башта мамлекет , андан кийин үй-бүлө башчылары, жана коомдук серепчилер жана жалпы калайык-калк бул нерсени сезе албаса, жалпы эл катуу кыйроого учурайт жана аны элдик дүрбөлөңдүн дүңгүрөгү дагы ойгото албайт. Балким, кээ бир адамдар жашоо деген ушул турбайбы, дешип, урандылардын арасында жашаган жандыктар сыяктуу аны табигый көрүнүш катары кабылдашат.
Ооба, тарыхтагы кыйроолордун негизги себептерине үңүлсөк, жалпысынан төмонкүлөрдү көрүүгө болот: Жаштардын келечекти ойлобостон сайран куруулары-бул чектен чыккан адамдардын айбандык сезимдерине жараша жашоону каалоосу, дене кумарына чөмүлүүсү жана жалпы коом бул дүйнөнү негиз тутуп, акыретти унутуусу, Аллахтан алыстап, Куранга сыртын салуусу, жүрөктөрдөн коркуу жоголуп, баардык нерсе дене каалоолорунун тебелендисинде калуусу...
Осмон халифаты жана башка көптөгөн улуу державалардын кыйрашында ушул себептердин дээрлик баарын көрүүгө болот. Руханий каатчылыктар жараткан туңгуюктарды жоюу чарасы катары аларды дагы да чектен чыгара турган бул дүйнөлүк кызыкчылыктар колдонулуп, натыйжада бузуку чөйрө негизделген. Ал эми, чыныгы дарт - коомдун руханий баалуулуктарынан кол жуушу, Куран жана Ислам негиздеринен алысташы жана Аллахты унутууларынан улам келип чыккан болчу. Дартына дабаа издегендерге дарттын булагынан дабаа сунулуп жаткан эле. Ал эми, адам баласынын бир тарабын материалдык дүйнө түзүп турган болсо, экинчи тарабын жана негизги маңызын руханият түзөт. Адашуунун себеби ачык-айкын түшүнүктүү болчу, ал баардык нерсени материалдык нерселерден издөө жана руханиятка карата кайдыгер мамиле жасоодон келип чыгат. Мына ушундай бир кемчиликти дагы эле материалдык нерсе менен толуктоо мүмкүн эмес болчу. Негизинде экөөнө биргеликте, өз өзгөчөлүктөрүнө жараша каралса, б.а. Аллахтын акылары Анын улуулугуна жараша орундатылып, Курандын акысына өзүнө ылайыктуу өлчөмдө маани берилсе, дүйнөгө өзүнө жараша мамиле кылынса, акыретке акыретке ылайыктуу маани берилген болсо, ошондо гана баардык нерсе өз ордуна түшмөк.
Курани Карим: “Аллах сага бергендерден (Анын жолунда сарптоо менен) акыретти талап кыл, бирок (бул) дүйнөдөн дагы насибиңди унутпа” - деп баяндайт. Ооба, Аллах Таала берген ден-соолук, сергектик, байлык жана акыл-эсти колдонуу менен акыретке даярданып, бирок, бул дүйнөнүн насиби дагы унутулбашы керек! Курандын буйругу ушундай. Бул дүйнө-акырет тең салмактуулугу ушул принципке карата жөнгө салына алганда балким мынчалык начар жана байкуш абалга түшпөйт элек. Мына ушул себеп менен бул дүйнөлүк нерселер адамдарды Аллахты эстөөдөн тосуп койгон азыркы учурубузда, үй-бүлөдө тарбия темасын талкууга алганда, оболу, адеп-ахлактык принциптерде бир пикирге келе ала турган маселелерди аныктап-тактоонун зарылдыгы бар.
Ар бир эл өнүгүп-өскөндөй эле, ылдыйлап, кыйроосу дагы болгон. Ал эл өнүктүрүп-өстүрүүчү принциптер менен жогорулагандай эле, ылдыйлатып, кыйроого учуратуучу себептер менен кулаган. Себеби жаратылыштагы мыйзамдар шарттарга көз каранды абалда жүрүп турат. Аллах Таала, ааламдын бир бөлүгү болгон табиятты дагы кээ бир мыйзамдарга көз каранды кылып жараткан. Ушул себептен табияттагы мыйзамдарга көңүл буруу керек. Эгер алардын кеңпейилдүүлүгүнө ишенүү менен кээ бир милдеттериңерде кемчилик кетирсеңер, алар тарабынан четке сүрүлүп, жок болосуңар. Аларда кечиримдүүлүк кылуу сезими жок. Аллах силерди кечирет, бирок, “жаратылыш мыйзамдары” эч кечиримдүү эмес. Бул мыйзамдарга карата туура багыт аныкталса, Аллах Таала силерди улуу даражага жеткизет, эгер бул себептерге көңүл бурууда кемчилик кетирилсе (Алланын өзгөчө жардамы болбосо) анда эң төмөнкү абалга түшүп калууңар ыктымал.
Башта айтылган көйгөйлөргө кайрадан кайта турган болсок, төмөнкү суроолорго жооп табуу керек: Адеп-ахлактын бузулушунда олуттуу таасирлердин жана кээ бир объективдүү себептердин бар экендигине ишене аласызбы? Чындыгында адеп-ахлак айлампасынын болушуна ишенесизби? Учурдагы ушул башаламан жана чаржайыт жашоо адепсиздикпи же нормалдуу көрүнүшпү?
- Created on .