Курани Карим тууралуу баяндоо жана аны таанытуу

Курани Карим баардык тарабы менен жаш муундарга сүйдүрүлүп, жактырылышы, аларда диний сезимдердин ойготулушу жагынан өтө маанилүү. “Курани Карим ыйык китеп” деп эле айтып коюу жетишсиз. Ушул себептен ал түшүрүлгөн күндөн бери ага эч ким каршы чыга албай тургандыгы жана бүгүнкү күнүбүздө илим жана технология жеткен эң акыркы чектери тууралуу маалыматтары менен Алла Тааланын акыркы берген кабары экендиги тууралуу айтуу жана ага ынандыруу керек.

Негизинде Курани Карим - жаратылыш, аалам тууралуу эң жаңы илимий маалыматтарга дал келген, ал гана эмес алар тууралуу жалпы маалыматтар берген укмуштуудай китеп. “Канчалаган белгисиз кайып ааламынын ачкычтары Анын колунда. Аларды Анын Өзүнөн башка көрө албайт. Кургакта жана деңизде эмне бар болсо баарын Ал Өзү билет. Андан уруксатсыз бир жалбырак дагы жерге түшпөйт. Жердин караңгылыгында жаткан бир үрөн да, жашылы да, кургагы да ачык Китепте бар”. (Анъам, 6/59) деген аят дагы бул акыйкаттын күбөсү.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2026 Cascade Trust. Fethullah Gülen's Official Web Site. All Rights Reserved.
fgulen.com is the official source and licensor of the works of the renowned Turkish scholar and intellectual Fethullah Gülen. Operated by Paramus Publishing with permission of Cascade Trust.