Жаш чагынан эле мечитке көндүрүү
Бактылуулук доорунда (Пайгамбарыбыздын (САВ) жана сахабалардын доору) жаш болгонуна карабастан балдар ар дайым мечитке бара алышчу. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күнүбүздө балдарды мечитке алып барууну мечит адебине туура келбегендей көрүүдөбүз. Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, ар бир мечитте балдарга коркунучтуу көрүнгөн кээ бир катаал адамдар бар. Кээде диний маалыматтарды, дүйнөлүк көз караштары өтө тар болгон картаң адамдар, балдарга кабагын түйүү менен мечиттин улуулугун сактайбыз деп ойлошот. Ал эми алар бул менен балдарды мечиттен чоочутуп, Алла Элчисинин (САВ) сүннөтүнө карама-каршы кыймыл-аракет жасап жатышат. Азирети Пайгамбар (САВ) мечитте саптардын ирети тууралуу маселеде, эркектер алдыда, алардын артында эгер хунсалар (гермафродит) болсо анда алар, андан кийин балагат жашына жете элек балдар жана инсандык табияттын талабы катары алардын артында аялдар сапка тизилишин сунуштайт. Балдарга ушундай мамиле жасалса, алар мечитте адамдардын кандай намаз окуганын көрүп, динди жашоого кызыгат. Ушул себептен, аларды кубалап, аларга катаал көрүнүп, коркутпастан, мүмкүн болсо аларга белектер берилип, намазды сүйдүрүп, ар дайым алардын сезимдеринде мечиттин ыйыктыгын сактоо керек. Алла Элчиси (САВ) мечитте, жамаат менен намаз окуп жатканда, небереси Азирети Умаманы ийинине көтөрүп, ийилгенде жерге коюп, түзөлгөндө кайрадан ийнине көтөрүп алчу. Мындай кыймыл аракетти баарына жол башчы болгон Алла Элчисинин (САВ) жасашы үлгү катары өтө маанилүү.
Азирети Пайгамбарыбыз (САВ) баланы мечиттен чыгаруу максатында орой болуп эсептелген эч кандай сөз айткан эмес. Мына ошондуктан, айылыбыздын эң жакшы бурчу мечитке, үйүбүздүн ичи намазканага айланып, балдарыбыз ар дайым Алланы эске салган белгилерге күбө болуп, жашоосунда өз эрки менен багытын аныктап алышы керек. Намаз туурасында айта турган болсок, бала балагат жашына келгенде, атасы анын колунан алып, жайнамаздын бир четинде намазга тургуза алса, өтө маанилүү иш аткарган болуп эсептелет. Себеби намаз, Аллага жүздөнүүдө өтө маанилүү иш.
- Created on .