Майрам
Рамазандын алдында жакшылык жана берекет менен келген айлар үнсүз, тынч бирок баардык жүрөктөрдү кучагына ала турган күндөрдүн жакын калгандыгынын белгилери сыяктуу эле. Момун-мусулмандар бул айлардын алгачкы күндөрү менен Рамазан чөйрөсүнө киргендигин сезет, жашайт жана бир канча кадам алдыда күтүп турган берекет айын пайдалуу өткөрүү үчүн, баардык сезимдерин текшерүүдөн өткөрүп, карап чыгат. Көздөрү жарым ачылып, уйкудан толук ойгоно элек абалда уйкусуроо менен күбүрөнүп, бул улуу кайрыктын ыргагына түшүүгө аракет кылып жаткандай болот.
Жүрөктөр толкуп, көңүлдөр эргип турганда, жаңы туулган ай көрүнүшүндө бирок, толгон ай сыяктуу нур чачкан Рамазан чыга келет. Жагымдуу сыдырым жел сыяктуу согуп, көңүлүбүздү көтөрүп, үлбүрөгөн жумшак жибек сымал бизди сылап өтөт жана жаздын илеби сыяктуу көздөрүбүздү кооздуктарга ачат, жүрөктөрүбүздө бийиктөө сезимин козгойт жана шаркыратмалар сыяктуу, көкүрөктөрүбүзгө жагымдуу коркуу салат.
Ошентип, бир айлык конок болуу убагы бүтүп, миңдеген берекет жана пайдалар менен келген Рамазан дагы кетет, бирок ал өзү менен кошо ала келген жарык нурга ойгонгон жана тирилген жүрөктөр эми майрамдын жагымдуу күндөрүн тосуп алат. Ооба, деңизге бой таштап, кулача урган инсандар, бир топ убакыттан кийин чар тарабынан суу менен курчалгандыктарын сезишкендей, биз дагы үч айлардан (ражаб, шаъбан, рамазан) кийин өзүбүздү майрамдын кулпурган чөлкөмүндө, бейпилдик жана тынчтык өкүм сүрүп турган чөйрөсүнөн табабыз жана аны бүтүндөй баардык сезимдерибиз менен сезебиз.
Дээрлик баардык момундар, майрамдардагы намаздардан, такбирлерден, фитир садагаларынан, курбандыктардан, зыяраттардан таасирленүү менен кыялга жетеленип, шамалга айдалып бара жаткан желкайык сымал, таттуу кыялдар дүйнөсүнө багыт алгандай болот. Ооба, майрамдардагы жалпы атмосфера, үн, сөз жана кыймыл-аракеттердин сыйкыры менен инсан өзүн учкан шардын үстүндө жүргөндөй жерден акырындык менен көтөрүлүп, турган жеринен алыстап бара жаткандай кыялданып, майрамдардын таасири астында магдырайт.
Майрамдарда өткөндү, учурду жана келечекти бирге сезип ырахаттанабыз. Мунаралардан чыккан үндөр менен биз зыярат кылган үйлөрдө сыйкыр бардай келечекке бир топ терезелер ачылгандай болот. Ошол учурда өзүбүздү эски бир мечитте, ата-бабаларыбыз менен бир сапта отургандай сезебиз. Ар бир акындарыбыз, досторубуз менен кучакташканда эски жакындарыбызды, мурдагы учурларда жашаган туугандарыбызды кучагыбызга кысып, жыттарын искегендей болобуз жана майрамдын ичинен чыга келген ар бир ой-пикир, ар бир сөз жана кыймыл-аракет менен, жаркын бир учур жанданып, жан дүйнөбүздү бийлеп алат жана ар бир адам үчүн кыял дүйнөсүнүн кеңдигине жараша “өлгөндөн кийин кайра тирилүүнү” элестетет.
Майрамдар, даңктуу тегибизден бизге чейин келип жеткен кайрыктардын добушу. Бул кайрыктардын сыйкыры менен көпчүлүк учурда жетүүгө мүмкүн болбогон ааламдарга аяк басып, баардык жерге түштөгүдөй жеңилдик менен барып, дүйнөнү кыял тездиги менен кезип, көп учурду бирге жашайбыз. Ооба, Рамазандын сыйкырына берилгендигибизге жараша, өткөн заман баардык шаңы менен жанданып, кайра келет. Бүтүндөй жоготкондорубуз тирилип, колубуздан кеткен баалуулуктан кайрадан биздики болот. Өткөн ажайып сонун күндөрдү дагы бир ирет жашап, өткөндүн мөлтүр булактарынан суусундугубузду кандырып, башка дүйнөлөрдө саякаттап жүргөндөй болобуз. Кабырдагылар тирилип..чирип, чачылган нерселер кайра калыбына келгендей өмүрүбүздүн өткөн учурлары дагы бир жолу рухубузду кучагына алгандай кечээ күнү башыбыздан өткөргөндөрүбүздү бүгүнкү күнү дагы кайрадан жашап жаткандай руханий ылаззаттарга жетебиз. Баардык көргөндөрүбүз, уккандарыбыз жана сезгендерибиз жан дүйнөбүздү ээлеп, жашообузду кызыктуу жашайбыз.
Майрам таңы сөгүлүп, мунаралардан Улуу Жаратуучуну даңктап-даңазалаган үндөр угула баштаганда жана баардык тарапта руханий атмосфера өкүм сүрүп турган мүнөттөрдө кыялдарыбызды толкуткан сырдуу нерселерди сезебиз жана алар бизди башка ааламдарга жетелеп, жан дүйнөбүзгө сөз менен баяндап бере албай турган купуя сезимдерди шыбырайт.
Кээде азанчынын команда берип жаткандай биринин артынан бири чыккан үндөрү, кээде имамдын башкача бир калыптагы кайрыктар менен сыздашы, кээде жалпы жамааттын хор абалда күркүрөшү өтө сүрдүү угулат. Баарыбыз мечиттен чыккан ушул үндү кайталап жатып, даңктуу тарыхты, эзелтеден баштап, түбөлүккө чейин уланган бир акыйкатты дагы бир жолу сезип, ырахаттанабыз. Айрыкча, майрам күндөрүндө мечит, ал жагымдуу атмосферасы менен ар дайым сезимдердин аруулугун, дененин ырахатын, рухтун бейпилдигин, жашоонун максатын, элибиздин руханий баалуулугун, маданиятыбыздын негиздерин, динибиздин өлбөстүгүн, жашоого карата болгон көз карашыбызды билдирип, бизге чыныгы инсан болуунун жолдорун көрсөтөт.
Биз ар дайым, мечиттен чыккан бул үндөргө кулак төшөп отуруп, асмандын жерге карай ийилгендигин, жердин асман менен бириккендигин, жымыңдаган жылдыздардын жердеги гүлдөргө көз кыскандыгын, гүлдөрдүн асман жашоочуларына көз сүзгөндүгүн жана бул эки ааламдын ортосундагы мамилелерди сезгендей болобуз.
Баардык инсандарды руханий дүйнөсү жана кыял мейкиндигинин кенендигине жараша башка ааламдарга чакырган бул үн, сөз жана көрүнүштөр, ыймандуу жүрөктөрдөгү таасирлери менен сезим козгоп, жаңырат. Намаз бүтүп, көккө болгон саякат дагы аяктап мечит менен убактылуу коштошуп чыкканда инсандар Алла тарабынан түшүрүлгөндөй башкача сезимдер менен адамдардын арасына кайтат, алар менен кучакташып, майрамдарын куттукташып, мечиттен алган берекетин, эми көчө, базарларда, үйдө жана жумуш орундарында жолуккан адамдар менен бөлүшөт. Ушундай көрүнүштө сааттар менен өлчөнгөн убакытка жан дүйнөнүн тереңдигине жараша чексиздик берилет жана бул дүйнөдө жашап жатканда эле, түбөлүк жашоо жана акырет менен канчалык тыгыз байланышта экендигин көрсөтөт.
Жетиден жетимишке чейинки бүтүндөй мусулмандардын ушунчалык нерселерди сезе билүүлөрү жана жан дүйнөлөрүн козгой алуулары үчүн, башка учурларда канчалык убакытка жана даярдыкка муктаждык боло тургандыгы белгисиз. Негизинде адам баласы жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн күтүү жана үмүт менен өткөрөт. Дээрлик баарыбыз, ички дүйнөбүз менен тыгыз байланышы бар болгон бейишти күтөбүз. Майрамдар бул нерсенин чындыгын жана туура экендигин, жүрөктөрүбүздүн терезелеринен руханий дүйнөбүзгө шыбырайт
Курман айт майрамы, Азирети Ибрахим жана Исмаилден бүгүнкү күнгө чейин каармандыктын, берилгендиктин символу болуп келген. Курман айт майрамы, кошуундун жортуулга бара жатканындай күүлдөгөн такбирлер менен келип, баардык жактарда жаңырат. Анда түрдүү кайрыктар жана мунаралардан чыккан, акыйкатты жар салган үндөр бирге.
Курман айт майрамында үйлөр, көчөлөр, мечиттер, тоо-таштар, такбирлер менен күүгө келип сыздайт. Мунаралардан чыккан Алланы даңазалаган үндөр үйлөрүбүздүн ичине чейин кирип келип жатканда, айыл-кыштак, өрөөндөр кой-козунун маарашына толот. Ал ыйык учурдун баардык инсандар, баардык нерсе, баардык жерлер тилге кирип, сүйлөп жаткандай туюлат. Арафат өрөөнү махшар майданындай кайнап, көбүрүп, эсеп бериле турган майдандай коркунуч жана үмүт алып келет. Муздалифа, Мина жолдогулардын коркуп, кыжаалаттанууларын күүгө салат. Кааба, көкүрөгү кусалыкка куурулган, кечиримге суусагандардын тамырындай согот. Бүтүндой бул үндөр Алланын алдында таазим кылып турган эң улуу пенделердин кыйкырыктары сыяктуу жогорку ааламдарга көтөрүлөт.
Ыйманга ээ болуунун, Аллага кулдуктун, кулдуктагы сезимдин көңүлдөрүбүздү көтөргөн бийиктиктерден жүргөн жолубузга назар салып, тагдыр китебибизди окуп, “Мына ушул китеп” деп тагдырыбызга ыраазы болуу менен ууртубузда жылмаюу уялайт.
Бул тартуу кылынган белектердин ылаззаты руханий дүйнөбүздү назик кучактап, көздөрүбүздө Улуу Жаратуучуга ыраазычылык байкалар жана сезимдерибиз жаз күнүндөй жадырайт. Жүрөктөрүбүздөн орун алган илхам жана руханий дүйнөбүздөн жогоруларга обологон дубалар, суранып-сыздоолор табиятыбыздан ашып турган улуу маани жана таасирге ээ болот. Ар бир саат, ар бир мүнөт жана ар бир көз ирмем, ар бир жаңы мүмкүнчүлүк сезимталдык менен пайдаланылууга ылайык даражага жетет. Руханий ылаззаттар менен балкыган жүрөктөр: “Берекеңди, мээримиңди арттыр Аллахым!” деп дагы ырахаттанууну каалайт.
Майрам күндөрү диндин жана жакшы адаттардын шаңдуу чөлкөмүндө ибадаттар менен руханий ылаззатка, руханий ылаззат менен ибадат кубанчына бөлөнгөн сайын жаңы бир маани-маңызга түбөлүктүү ээ болгондугубузду, көкүрөгүбүздүн кең ааламдай кеңейгендигин жана сезимдерибиздин Алладан келген жарыктык менен жарыганын анык сезебиз жана денебиз материалдык абалын жоготуп, толугу менен руханий абалга ээ болгондой сезилет жана ыймандын негизинде жүрөгүбүздү ээлеп алган түбөлүктүү жашоого кыялыбызда учуп жөнөйбүз.
Майрам күндөрүндөгү таттуу сезимдер менен көбүнчө өзүбүздү абада учуп жүргөндөй же шаңдуу, салтанаттуу тоскоолдуксуз бир жол менен руханий дүйнөгө бет алгандай болобуз. Кээде көктө канат какпастан каалгый учуп жүргөн куштар сымал, кээде дарактардын ийилген ичке шактары сыяктуу, кээде сыдырым соккон желге ыргалып, айланага жыпар жыттарды жайган гүлдөрдөй назик боло түшөбүз.
Кээде мунаралардан чыккан азандар, мечиттерден чыгып, айланага жайылган такбирлер, окулган Курандар жана булардын жүрөктөрдөгү таасиринчелик эч бир ылаззаттар таасир бере албайт. Айрыкча ажылык учурунда баардык жердин жалпы тили болгон такбирлер, талбиялар (“Лаббайкаллоохумма лаббайк...” деген сөздөр) менен купуя сырларыбызды жар салып, жан дүйнөбүздөгү сезимдерибизди жүрөк толкуткан кайрыктар менен күүгө салып, махшар даярдыгын өткөргөндөй болобуз. Бул сүрдүү көрүнүштөргө күбө болуп, өтө терең маанидеги сөздөр менен түрдүү жерлерде саякаттап, ар түрдүү милдеттерди аткарабыз. Бирок, ар дайым тозоктон жүз буруп, көздөрүбүз Бейиштин сүйүнүчүнө мас болуп, жүрөктөрүбүз Алланын ыраазычылыгын издейт...
Мына ушундай сезимдер менен баардык чектерибизден өтүп, өзүмчүлдүктөн кутулуу менен жүрөгүбүздүн бир бурчунда сакталган, бейиштен алынып келинген учкундарды дагы бир жолу тутандырып, анын жылуулугунда жана жарыгында, жүзүбүздө бактылуу жылмаюунун белгилери пайда болот.
- Created on .