Өз багытыбызды утурлай
Биз жер жүзү мурасынан куружалак калтырылгандан бери ислам дини мусулмандардын алсыздыгы, душмандардын мээримсиздиги жана ынсапсыздыгы себептүү өтө ырайымсыз мамиле көрүп келди. Зулум жана ырайымсыздык каршы тарапка мүнөздүү нерсе болушу мүмкүн; Мусулмандардын алсыздыгын кабыл алуу мүмкүн эмес. Алла Элчиси: “Аллахым, күнөөкөрдүн ырайымсыздыгынан, такыбанын, алсыздыгынан Сага корголоймун” деп айтуусунда ушул нерсеге ишаарат кылып жатса керек. Мусулмандын көз карашынын жана пикиринин бузулушу мусулмандарды Курандын, Пайгамбардын жолунан алыстаткан жана ислам дининин дүйнөлүк дин болушуна тоскоол болгон. Акыркы бир канча кылымдын мусулмандарында өзгөчө мусулман жол башчыларында адатка айланган бул бузулууларды түзөтүү, бир канча мектеп ачып, жыйналыш уюштуруу менен мүмкүн болбогондой эле, бир канча жолуу насаат айтуу менен дагы түзөлбөйт.
Көптөгөн кылымдардан бери тамырлашып калган, учурубуздун билим жана технологиясы менен колдоого алынган бул бузулууларды, жолдон чыгууларды жоюу, жаңыдан өздүк маңызыбызга ачылыш жасап, ислам пикири менен терең таанышуубузга, катуу кайрат, убакыт, сабырдуулук, үмүт, туруктуу, бекем эрк жана кылдаттыкты талап кылат. Тескерисинче, өз принцибибизди таба албасак, ичине түшкөн чуңкурдан чыгуу үчүн, чуңкурга түшкөн жерибизден башка чыгуу жолун издөөнү улантсак, өзүбүздү алдап, келечек муундарды дагы бир жолу кыйноого салабыз.
Жолу тосулган ой-пикирибиздин жолун ачып, жогорудан келген кабарлардан алыстаган ой жүгүртүүлөрүбүздү Куран жолуна багытташыбыз абзел. Бул ишти аткарып жатканда жаратылыш, инсан жана жашоо ортосундагы сырдуу байланышты кайдыгер калтырбай...диний буйруктарды кылдаттык менен аткарып, иш жүзүнө ашыруу менен бирге уланып кетишинин негизи болгон, жүргөн жолдор Алла Тааланын дининин жеңилдигине жараша инсандарды коркутуп, качырбастан аларга акырет жашоосунун жакшылыктарын айтып, сүйүнчүлөөбүз керек. Илим жана ой жүгүртүү менен ислам динин талдап, мектеп-мечит, үй жана башка жерлерди жаратылыш, инсан жана жашоо пардасынын артындагы акыйкаттарды изилдей турган жайларга айландыруу зарыл. Ислам динин жашоонун баардык тармактарында маани бериле турган маселе абалына алып келүүбүз шарт. Жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн себептерге көңүл буруу жаңылануубузга жана түбөлүк бактылуулугубузга өбөлгө түзөт.
Ооба, себептер жана башка эч бир нерсе Аллага өкүм жүргүзө албайт. Анын каалоо жана эркин эч ким кайтара албайт. Баардык нерсе Алланын өкүмүндө, Алла болсо жалгыз Өкүмдар. Бирок, себептерге көңүл буруу дагы Алланын буйругу. Ушул себептен адам баласы, “суннатуллах” деп аталган жаратылыш мыйзамдарынын принциптерине баш ийбесе, белгилүү өлчөмдө бул дүйнөдө жана белгилүү өлчөмдө акыретте жазаландырыла тургандыгына ишенебиз. Халифалардын халифасы Азирети Умардын (р.а.) жугуштуу оору жайылган жерден алыстай көчкөнүн башка келе турган нерселерге ыраазы болуу, тагдырга моюн сунуу көз карашы менен байланыштыра албагандыктарын билдиргендерге “Алланын тагдырынан Алланын тагдырына качып баратам” деген жообу өтө маанилүү!
Иш-аракеттерде жыйынтыкты көздөө, аны негизги максат деп билип, анын кыйынчылык, машакаттарына чыдоо керек. Себептерди аткарбастан, натыйжага бир керемет катары жетүү ою бекер нерсе. Албетте Куранда дагы бир канча жерде бул нерсе баса белгиленген. Мисалы: “...(Бул) алар кылган иштеринин сыйлыгы.” (Ахкаф-14), деп айтуу менен адамдардын башына келе турган жакшы жана жаман иштер өздөрүнүн жасаган иштери себептүү келгендигин жана келе тургандыгын эскертип айтууда. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы: Кыямат күнү пенде бир кадам таштоого үлгүрө электе, өмүрүн кайда өткөргөндүгүн, мал-байлыгын кайдан таап, кайсыл жакка жумшагандыгын жана дене мүчөлөрүн кайсыл иштерге колдонгондугу тууралуу сурала тургандыгын эскертүү менен, себеп-натыйжа, иш-аракет жана анын жемишинин ортосундагы тыгыз байланыш жөнүндө айтып жатпайбы?
Кийин бул темага дагы кененирээк токтолобуз.
- Created on .